Сомалиде жардыруудан каза болгондордун саны 276га жетти

Сомалинин борбору Могадишо шаарында болгон жардыруудан каза болгондордун саны 276га жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары аталган өлкөнүн маалымат министри Абдирахман Османга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 14-октябрь күнү жардыргыч затка толгон жүк ташуучу унаа борбор шаардагы Ходан районундагы мейманкананын имаратынын жанынан жарылган. Эки сааттан кийин Мадина районунда экинчи жардыргыч зат иштеген.

"Азыркы тапта кырсыктан каза болгондордун саны 276га жетти. Ал эми жабыркагандар 300гө жакын. Алдын ала маалымат боюнча, жардырууну "Аш-Шабаб" террордук уюму ишке ашырган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tttalant
2017-10-16 09:11:46
Кудай сактасын кыргызстанымды
+4
portugalia
2017-10-16 09:59:30
Тынчтык болсун дуйнодо!
+4
Take_men
2017-10-16 10:27:46
Башкасын айтпаганда ушул Сомали тынчыбас болду го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан