Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында унаанын дөңгөлөгү чыгып, бир адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 384-чакырымында унаанын дөңгөлөгү чыгып кетип, бир адамды сүзгөн. Натыйжада кырсыктан 1987-жылы туулган Т.У. аттуу тургун жабыркаган. Жаракат алган тургунду "Тез жардам" кызматкерлери ооруканага алып кеткен. Ал башынан жеңил жаракат алган деп айтылат маалыматта.
Окуя 15-октябрь күнү саат 10:13тө болгон.