Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Канат Исаевдин соттук иши каралмак. Бирок жактоочулар келбей калганына байланыштуу отурум 19-октябрь күнү саат 9:30да уланмай болду.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.
Ошондой эле Башкы прокуратура ушул жылдын 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда анын кармалышы боюнча айыпталуучунун жактоочулары жазган апелляциялык арыз каралмакчы.