Чаткалда 3 ай мурда сууга агып кеткен чет элдик котормочунун жансыз денеси табылды

Чаткал районунда 3 ай мурда сууга агып кеткен чет элдик котормочунун сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Котормочунун жансыз денеси Ак-Таш айылында суунун жээгинен табылган. Маркумдун сөөгүн 15-октябрь күнү жакындарына өткөрүп беришкен", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 4-июлда Чаткал дарыясына түшүп кеткен кен казуу ишканасынын котормочусу 1980-жылы туулган Я.Юбуровду издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иштерине 11-октябрда ӨКМнын №81-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгып, бирок изделип жаткан адам табылган эмес.

Эске салсак, 4-июль күнү алтын кен казган “Концлер Аурум” ишканасынын котормочусу сууга агып кетти делип изделип жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан