Бүгүн футзал боюнча Кыргыз курамасы Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Непал менен беттешет

Бүгүн, 16-октябрда Ирандын Тебриз шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабынын 2-турунун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Непал курамасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “А” тайпасына кирип Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал курамалары менен күч сынашат. Ошондой эле "В" тайпасында Иран, Тажикстан, Ооганстан курамалары жайгашкан. Тандап алуу этабынын жыйынтыгында ар бир тайпадан бирден команда финалдык этапка өтөт.

Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Кыргыз курама командасы алгачкы беттешинде Түркмөнстан курамасы менен беттешип 5:3 эсеби менен жеңип алган.

"А" тайпасындагы беттештер (Бишкек убактысы боюнча):

Кыргыз курамасы-Непал - 16:30;

Түркмөнстан-Өзбекстан - 19:00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
omurbekFCB
2017-10-16 11:44:20
Непалды озбектер 14:1 ге женди биздикилерда эми Непалды талкалайт. негизги атаандаш Озбекстан
0
JOODAR2001
2017-10-16 14:01:28
Биздикилер Непалды женсе Озбекстанды Туркмонстан женсе жакшы болот эле
0
FCBMESSI
2017-10-16 16:02:49
Озбекстан фаворит бул тайпада КРге ийгилик
+1
Nurik.1100
2017-10-16 16:22:10
Кайдан коруп жатасынар...?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан