Бишкекте өткөн өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты

Бишкек шаарында 10-15-октябрь аралыгында өткөн өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Алтын түйүн" республикалык инженер-техникалык балдар академиясынын шахмат боюнча мугалими Азиз Умарбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган мелдеш Казакстандын Кызылорда шаарында 29-октябрь-5-ноябрь аралыгында өтө турган "Дарын-2017" мелдешине тандап алуу болду. Жалпы мелдешке Бишкек шаарынан 74 шахматчы катышып "Дарын-2017" мелдешине жолдомо алууга күч сынашты. Беттештер 9, 13 жана 17 жашка чейинки спортчулар арасында өткөрүлдү. Алдынкы 3 спортчу акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

9 жашка чейинки категорияда:

Эркектер арасында: Нуритдин Юнусов

Кыздар арасында: Азема Токтобекова.

13 жашка чейин:

Эркектер арасында: Азиз Дегенбаев

17 жашка чейин:

Эркектер арасында: Руслан Съездбеков

Кыздар арасында: Бегимай Заирбек кызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aybek_taynakulov
2017-10-16 16:53:54
жакшы жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан