Кыргыз спортчулар дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат

Хорватиянын Загреб шаарында 18-22-октябрь аралыгында өтө турган дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 7 спортчу катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн дзюдо федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мелдеште жалпы эсепте 87 өлкөдөн 634 спортчу катышып, байгелүү орундарды ээлегенге аракет көрүшөт. Кыргыз өлкөсүнөн татамиге 7 жаш спортчунун чыгуусу күтүлүүдө. Алардын ичинде Бишкек шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун алтын медалынын жеңүүчүсү Адиль Мырзаев жана коло медалын багындырган Кубанычбек Айбек уулу да бар.

Дзюдо боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасы:

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Кубанычбек Айбек уулу;

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Баяман Сагынбай уулу жана Асман Акылбек уулу;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Эртур Турдиев;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов жана Адиль Мырзаев;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрлан Шеров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NARYN...777
2017-10-16 15:22:49
Админ,,,супер инфонун бул жумадагы саны сайтка качан чыгат???
0
admin_superstan
2017-10-16 15:54:26
NARYN...777, саламатсызбы! Гезиттин жаңы саны шейшемби күнү чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан