Ирандын Тебриз шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Непал курамасын жеңип алды.
Аталган мелдештин 2-турунда Кыргыз курама командасы Непал курамасы менен беттешип 5:0 эсебинде жеңип алды.
Беттеш башталары менен Кыргыз курамасы чабуулга чыгып эсеп санын ачканга жетишти, Максат Алимов 1-мүнөттө таамай сокку менен эсепти 1:0 кылды. Муну менен Кыргыз футзалчылары токтобой, 5-мүнөттө Актай Таштановдун голу менен 2:0 эсебинде алдыга чыкты. 13-мүнөттө Уланбек Байгазы уулу гол киргизип эсепти 3:0 кылды.
2-таймды Кыргыз курамасы кайрадан натыйжалуу чабуул менен баштады. 21-мүнөттө Кыргыз курамасынын капитаны Эмил Канетов эсепти 4:0гө жеткирди. Ал эми беттештин аягында Актай Таштанов 2-голун киргизип, 5:0 эсеби менен Кыргыз курама командасы бул мелдеште 2-жеңишине жетти.
Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Кыргыз курамасы Түркмөнстан менен беттешип 5:3 эсебинде жеңип алган.