Президенттик шайлоону өткөрүү күнү адамдын денесине залал келтирүү фактылары боюнча 54 арыз катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 15-октябрь күнү ички иштер органдары тарабынан шайлоого байланыштуу анын ичинен мыйзамсыз үгүттөө, шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет жасоо, бейбаштык, адамдын денесине залал келтирүү фактылары боюнча 54 арыз катталган. Учурда алардын ичинен 41 факт такталды. Бишкек шаары боюнча 21, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Ош шаарында 5, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2 факт катталган. Бардык катталган фактылар боюнча материалдар топтолуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.
"Мыйзам бузуу боюнча БШКга 6 факты жөнөтүлсө, ал эми ички иштер органдары 2 факты боюнча административдик мүнөздөгү чараларды көрүштү. Сот тарабынан чечим чыгарыш үчүн 6 материал жөнөтүлдү. Арыздар жана маалыматтар дагы келип жатат. Республикада ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн кызматта иштеп жатат. Укук коргоо органдары тартип бузууларга өз убагында чараларды көрүшөт", - деп билдирди ИИМнин басма сөз кызматы.