Футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз курама командасы алдын ала финалдык бөлүккө өттү

Ирандын Тебриз шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз курама командасы 2 турдун жыйынтыгында 6 упай топтоп, финалдык этапка алдын ала 1 тур калганда өткөнгө мүмкүнчүлүк алды. Ал эми бүгүн, 17-октябрда 3-турдун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Өзбекстан курамасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “А” тайпасына кирип Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал курамалары менен күч сынашмакчы болгон. Ошондой эле "В" тайпасында Иран, Тажикстан, Ооганстан курамалары жайгашкан. Тандап алуу этабынын жыйынтыгында ар бир тайпадан эки команда финалдык этапка өтөт.

Маалымдай кетсек, Кыргыз курамасы менен кошо Өзбекстан курамасы дагы финалдык этапка өттү. Финалдык этап 2018-жылы Кытайдын Тайбей шаарында өтөт.

Эске салсак, Кыргыз курама командасы 15-октябрда алгачкы беттешинде Түркмөнстан курамасы менен кез келип 5:3 эсеби менен жеңип алган. Ал эми кечээ, 16-октябрда Непал курамасы менен туш келип 5:0 эсебинде утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2017-10-17 09:43:26
Анда бугун Озбекстан менен группада биринчини талашат экен да
0
omurbekFCB
2017-10-17 09:52:01
Озбекстанды эптеп утса болот
0
FCBMESSI
2017-10-17 10:43:28
Алга KG
0
nurbek11
2017-10-17 14:38:57
Биз утсак да утулсак да финалга чыктык окшойт темасы ошону корсотуп турат озбекстан ким менен канча канча болгонун корсотсо жакшы болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан