Бишкекте бир адам поезд алдында калып каза болду

Бүгүн, 17-октябрда Бишкекте бир адам поезд алдында калып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кырсык тууралуу маалымат аталган кызматка эртең мененки 08:10до келип түшкөн.

"Бир саат мурун эркек кишини поезд Лев Толстой көчөсүндөгү "Фрунзе" гипермаркетинин бет маңдайынан сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, дарыгерлер тобу окуя болгон жерге чыгып кеткен. Тилекке каршы, алган жаракатынан улам ал адам каза болуп калды", - деп билдиришти "Тез жардам" кызматынан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
shirin_kyz88
2017-10-17 10:12:37
Кудай сактай коор, жайы жаннатта болсун. Поездин жолунда эмнесин жоготту экен эле, тарактап келип жатканын деле укпаптырбы а? Эмне болуп сузуптур толук маалымат жазсанар жакшы болмок.
+8
O.dembele
2017-10-17 10:17:44
Мени да сузуп кеткен кудай сактап аман калдым
+3
nurka0390
2017-10-17 11:00:19
O.dembele,кудай сактаптырго эмне болуп сузду эле
+2
O.dembele
2017-10-17 13:46:28
nurka0390,личкадан жазып койгом
+2
meni_kut
2017-10-17 11:30:02
O.dembele,кандай укпай калдын тарактаганын?Сигнал беретлего
+3
O.dembele
2017-10-17 13:36:56
meni_kut,наушник мн
+3
Beks.Kasymov
2017-10-17 16:39:00
O.dembele,О!кулагына жара чыккыр !
+2
satiev87
2017-10-17 11:34:23
президент болом дегендердин ХХХХ поезд келгенин билбей калган окшойтда
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан