Бүгүн түн ичинде Аламүдүн районундагы Маевка айылында үй жана унааларды өрттөп кеткен белгисиз адам ага жакын турган Ак-Босого конушунда да бир үй жана унаага өрт коюп жиберген. Учурда бул аракеттерге ким барганын милиция издөөдө.
Ак-Босого конушунун Чүй көчөсүндөгү №49-үйдүн бир эшиги өрттөлгөн. Бул үйдө убактылуу жашаган Жаныш Нуралиев аттуу жарандын айтымында, үйдүн эшиги түнкү саат 3 чамаларында күйгөн.
"Кечинде балам экөөбүз уктап жатсак эки бала келип эшикти каккылап калды. Ойгонсом үйдүн ичин түтүн каптап калыптыр. Мастар го десем эле "ачкыла эшигиңер күйүп жатат" деп калды. Чуркап чыксам балдар өчүрүп жатышыптыр. Анан эле алар чуркап кетип калышты "бул жакта дагы бир машина күйүп жатат" деп. Ким болсо да үйдү өрттөөгө аракет кылган. Сыртта илинип турган кийимдерди эшиктин алдына коюп күйгүзүшкөн экен", - деди ал.
Белгисиз болуп изделип жаткан адам ушул эле конуштун Замандаш деген көчөсүндөгү №51-үйдө токтоп турган RAV4 үлгүсүндөгү унааны өрттөө аракетин көргөн.
Унаа ээси Куттубидин Айдаралиевдин айтымында, унаа ар дайым короонун сыртында токтоп турган. "Окуя саат 3 чамаларында болду. Уктап жатсам бир бала келип эле "машинаңыз күйүп жатат" деп калды. Чыксам от жалындап күйүп жаткан экен. Дароо өчүрүп калууга жетиштим. Дөңгөлөгү күйүп кетиптир, эми 25 миң сомго жакын акчага калыбына келтирсе болот. Ал эми муну ким кылганын билбей жатабыз", - деди Бердибаев.