Бишкек шаарында поезддин алдында калып каза болгон жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарында поезддин алдында калып каза болгон жаран 1997-жылы туулган Сокулук районунун тургуну болгон. Ал Бишкек шаарында жеке фирмада темир уста болуп иштечү экен. Ал эми машинисттин айтымында, каза болгон бала наушник тагынып бара жаткан, ошондуктан машинисттин берген сигналын укпай койгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Мындан сырткары мындай кырсык кечээ, 16-октябрда да болгонун кошумчалады.
"16-октябрга караган түнү саат 1:00дөр чамасында Сокулук районундагы Шопоков шаарынын жанында 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү адамды да жүк алып бара жаткан поезд сүзүп кеткен. Анда да машинист сигнал берип каза болгон адам укпай койгон. Учурда ал адамдын өздүгү такталып жатат", - дешти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, бүгүн, 17-октябрда саат 8:00дөр чамасында Бишкекте бир адам поезддин алдында калып каза болгондугу тууралуу SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан кабарлашкан.