Орусияда террордук акт тууралуу жалган маалымат берүүгө шектелип, Кыргыз жараны камакка алынды

Орусиянын курамындагы Удмуртия Республикасында террористтик акт тууралуу жалган маалымат берүүгө шектелип, Кыргыз жараны камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда белгисиз адам Удмуртия Республикасынын Глазов шаарындагы райондор аралык ооруканага чалып, алардын имаратында жарылуучу зат коюлгандыгын кабарлаган.

Натыйжада имараттан 200дөн ашуун адам эвакуацияланып, бирок эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Ошол эле күнү кечинде бомба тууралуу жалган чалууга шектелип Кыргыз жараны кармалган.

Андан сырткары аталган маалыматта Кыргыз жаранынын аты-жөнү аныкталбагандыгы, туруктуу жашаган жери жоктугу, Орусиянын аймагында каттоого турбагандыгы айтылат. Буга байланыштуу ал качып кетпесин деп соттун чечими менен 30 күнгө камакка алынганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2017-10-17 21:30:56
атын чыкпаса жер ортто деп аран ботон элде тирилик кылып жатканда жон эле журоберсе болбойт беле
0
ulik.uma04
2017-10-17 23:39:27
Жоон эле журбойсунбу озу зорго журобуз ар жерде ар областа ар бирибиз.зеригип кыларга иш жок саларга куш жок болуп,Эми эмнеси болсода эсен аман чыгып ал.айылда атан апанды бир туугандарынды кыжалат кылбай.орустар мн ойношпо.мыйзамы ото кучтуу орустардын
+2
Gulnaz.GS
2017-10-18 12:00:38
Э мойнуна коюп койдуда.анын эмне бир жерине куч келсин антип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан