Жогорку Сот "милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди атууга буйрук берген" деп айыпталган Кадырбек Досоновду толук актады (толукталды)

Милициянын полковниги маркум Толкунбек Шоноев.Милициянын полковниги маркум Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектелген "Женго" каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары белгилүү болгон Кадырбек Досоновду Жогорку Сот толук актады. Жогорку Сот буга чейин кабыл алынган Ош облустук жана Кара-Суу райондук сотунун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул маалыматты Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева да маалымат каражаттарына тастыктаган.

Эске сала кетсек, 6-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу райондук соту милициянын полковниги Шоноевдин өлүмүнө шектелген Кадырбек Досоновду актаган.

3-августта бул ишти Ош облустук соту карап, Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Облустук соттун өкүмү дароо күчүнө киргендиктен Досонов Оштогу №5-СИЗОдон ошол эле күнү бошотулган.

Кадырбек Досонов Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу), 30-241-беренеси (курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү), 30-97-беренеси (уюшуп алып, кызматтык милдетин аткарып жаткан адамды мыкаачылык менен өлтүрүү) жана 30-340-беренеси (уюшуп алып укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү) менен айыпталып жаткан.

Белгилүү болгондой, милициянын полковниги Шоноевди белгисиз адамдар 2013-жылдын 11-январында үйүнө келе жатканда атып кетишкен.

"Шоноевдин өлүмүнө катышкан" деген айып тагылып К.Сайдиев, А.Аскарбек уулу жана Т.Жапарбаев өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле У.Молдошев 20 жылга, ал эми С.Айтбай уулу, Н.Таджибаев жана Э.Эсенов 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Кадырбек Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип, 2015-жылдын 16-апрелинде кармалган.

Маалымат үчүн: Милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди 35 жашында атып кетишкен. Ал кылмыш иликтөө жаатында катардагы иликтөөчүдөн баштап ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бандитизм, буйрутма менен киши өлтүрүү жана опузалап коркутуу бөлүмүнүн башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн. Ал өлкөдө болгон чуулгандуу кылмыштардын бетин ачууга катышкан. Журналист Алишер Саипов, Уран Алиев жана Медет Садыркуловдун өлүмдөрүнө байланыштуу кылмыштарды ачууга салым кошкон. Кызматтагы жетишкендиктери үчүн "Эрдик" медалы, 3-даражадагы "Азамат" медалы, Макаров өздүк тапанчасы менен жана башка бир катар төш белгилер менен сыйланган. Полковник наамын 2012-жылдын 31-декабрында алган.
Толкунбек Шоноевдин сөөгү 2013-жылы 13-январда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылына коюлган. Анын артында жубайы 5 баласы менен калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Molihuaa
2017-10-17 21:42:33
Шайлоо бутту Эми четинен актала баштайт
+12
Firdaus-Muslim
2017-10-17 21:54:51
Бул заман күнөөлүүлөр эркиндикке чыгып, күнөөсүздөр түрмөгө камала турган заман болду. Кудай жалгап далилсиз соттолгон эки азаматты эркиндикке чыгарып жиберишсе өтө жакшы иш болот эле.
+10
jbolotov
2017-10-17 22:04:32
Эн оор бир эмес бир канча статьялар менен кармалган кылмышкер кантип куноосуз болуп чыкты? 30-241 Мыйзамсыз курал алып журуу кылмышкерлерде созсуз болотурган нерсе, эми кантип Жогорку Сот актады? Соттор силерди Аллах жазаласын , башка соз жок.
+10
Snejana
2017-10-17 23:05:01
Соз жок. Ушундай чыныгы кылмышкерлер акталып, Текебаевдей чындыкты чырылдап айткандар камалып жаткан заман. Эми Жээнбеков Бабановду камайт (чындыкты айтса, бирок духу жетпейт). Ошентип былжырааааап 6 жыл дагы сериал коробуз.
+14
doping1
2017-10-17 23:37:02
Мекенге ак иштеген адамга азыркы бийлик,сот чыкынчы
Булар тарыхка кара тамга менен жазылат
+10
grace
2017-10-18 00:05:47
Түшүнүктүү, Жогорку Соту да түшүнүктүү. Эми чек ара маселесин чечсин толук!
+7
Leilektik
2017-10-18 00:56:08
Туура эмес кылдынар
+7
33SUUN
2017-10-18 01:42:54
Убагы келгенде даража маражана карабай саясий политиканын курмандыгы болуп олуп кете беришет экенда.Кыргызстанда жажоо коркунучтуу болуп калды окшойт.
+5
rysik79
2017-10-18 02:25:53
Садыкемди, текени, салянованы кесип, досоновду актаганынар кандай? Чындык кай жакта, бейиште да э? Убактысы келээр.........
+5
no.comment
2017-10-18 02:47:00
ХХХХ отуп же катып калса да Сокеге шылтай бергиле, Кудай кут кылсын. Женгонун ал кылмышка тиешелуу же тиешелуу эмес экендигин билбейм, бирок Жогорку Сот обл менен райсоттун окумун кучундо калтырды деп жатат. Демек ал шайлоодон бир топ мурун эле акталган, анча-мынча кабарым бар. Ошентсе да бир адамдын олумуно эн кеминде беш адам камалып жатат, жарымы омур боюга. Же баары биргелешип олтурушкон бекен?
-6
Patriot7
2017-10-18 04:13:40
Криминалдардын заманы болуп калды... Бийлик кылмыштуулук менен курошуунун ордуна кылмышкерлер менен ачык эле кызматташууда... Батукаев, Колбаев, Женгосу акталды, ортодо акталган дагы толтура кылмыш дуйносу окулдору бар... Кечооку шайлоодо криминалдар тегин жерден Жээнбековго иштеген жок, айрыкча Ошто...

Ал эми Мырзакматов, Текебаев, Садыр Жапаровдор ак жеринен соттолуп отурат. Соттор болсо бийликтин заказын аткарышат, акта дегенин актап, кама дегенин камап... Же калппы?!!
+5
knk
2017-10-18 09:35:51
Мындан көрө Текебаевди, Жапаровду актаса авторитети көтөрүлөт эле бийликтин.
+4
Nazaroff1974
2017-10-18 10:48:06
Женгону вице-премьер министр кылып шайлап алса деле тан калбаш керек.Соке тийишсе дагын деле ХХХХ Женго.Коркуп эле турушат,оздоруно дале ишене алышпайт.
+4
admin_superstan
2017-10-18 11:06:44
Nazaroff1974, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
no.comment
2017-10-18 12:23:15
Жээнбеков али президент боло элек, болгон окуялардын баарын ага шылтай бергидей. Жапайычылык да оз чеги менен болгону дурус
-2
Patriot7
2017-10-18 15:10:50
no.comment, кечооку шайлоодого спортсмендер, криминалдардын аралашканын кантип тушундуро аласын?!!
+2
Taalaibek.
2017-10-18 15:26:04
Полковникти ото эле эрте берип коюуптур. Жаш баланын эрте полковник алуусу бир нерсени ойлондурат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан