Айсулуу Тыныбекова, Дарья Маслова, Юрий Краковецкий жана дагы 5 спортчу мамлекеттен 45 миң сом стипендия алышат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги 2017-жылдын 1-июлунан баштап 31-декабрга чейин мамлекеттен стипендия алган спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тизмеде жалпы эсепте 227 спортчу бар. Стипендиялар 7 категорияга бөлүнгөн, анда 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин акчалай сыйлык каралган.

Жогорку категориядагы стипендиаттардын арасына 8 спортчу кирген, алар эл аралык аренада жакшы натыйжаларды көрсөткөн спортчулар. Жаңы тизмеде Иззат Артыков жана Арсен Эралиевдин ордуна жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынган Дарья Маслова жана Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиадада дзюдо боюнча 7-орунга ээ болгон Юрий Краковецкий киргизилген.

Жогорку категориядагы стипендиянын ээлери:

Эламан Догдурбек уулу - спорт чебери. Эркин күрөш боюнча 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда 3-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.





Ильгиз Каналбек уулу - спорт чебери. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы (паралимпиада) дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалдын ээси. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.




Айсулуу Тыныбекова - эл аралык категориядагы спорт чебери. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 5-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.




Юрий Краковецкий - эл аралык категориядагы спорт чебери. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча 7-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.



Каныбек Жолчубеков - спорт чебери. Грек-рим күрөшү боюнча студенттер арасындагы Дүйнө чемпиону. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.





Дарья Маслова - эл аралык категориядагы спорт чебери. Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.



Эсен Калиев - спорт чебери. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси жана Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.



Жыргал Орозбаев - спорт чебери. Паралимпиада спортчулары арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунга ээ болгон жана Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 6-орунду ээлеген. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.




Категориялар

Стипендиаттардын саны

Стипендиянын өлчөмү (сом)

Сумма (сом)

Жогорку категория

8

45000

360 000

I

13

25000

325 000

II

41

15000

615 000

III

49

8000

392 000

IV

57

5000

285 000

V

18

3000

54 000

VI

40

2000

80 000

ЖАЛПЫ:

227

2 111 000

Бардыгы 6 ай ичинде

12 666 000

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
kenje-888
2017-10-17 17:48:38
Айсулуу турмушка чык
+4
tram-lam
2017-10-17 18:44:58
kenje-888, жанагы туугандардан уга берип тажаган созду айтыпсыз да
+1
aibars
2017-10-17 17:54:44
Стипендия ошондо ай сайын берилеби? Канча убакка чейин?
+1
Piligrim
2017-10-17 17:57:03
aibars,
6 ай ичинде деп туратко.
+3
Piligrim
2017-10-17 17:55:50
Айбай көпко а?! :)
Орустар миллиондорду берет, квартира, машина.
Ошон үчүн бизде спортко кызыгуу аз, базарда соода кылсак мындан көп табабыз.
0
ori
2017-10-17 17:59:43
Piligrim, XXXX мамлекет акырындан бутуна туруп миллиондорду бергенге жеткизсин!45 биздин спортчуларга эбегейсиз чон акча!жана да спортко жакшы эле конул бурулуп келе жатат!суйлойт десе эле XXXX
+5
ori
2017-10-17 18:02:43
Piligrim,сен базарда картошконду сата бер а биз кыргызстандын онугушуно салым кошо беребиз керек болсо 45 мин стипендиясы жок эле !акча аз толойт кызыгуу аз деп !намыс акчадан жогору ар бир кыргыз учун!уят кайда сенде?
+6
Rasul94
2017-10-17 18:53:17
ori,сенин оюн туура негизинен.сага плюс
+3
Piligrim
2017-10-17 18:01:09
Бер 2-3 миллиондон АША. Шайлоого кетирдинго түзүк эле. Кыргызстандын атагын чыгаргандарга эмнеге аз?
+3
ori
2017-10-17 18:06:44
Piligrim,саясатты спортко аралаштырба!бер деп сурангыдай сага картошка базар эмес спорт ар ким озунун жасаган ийгилигине жараша алат!
0
Piligrim
2017-10-17 18:34:09
ori,
Мушташа алышпасада 2-3 миллиондон бериш керек. Биздин чиновниктер бай. :) Менин картошкам отсо эле менден 1 миллион бар, берем, ХХХХ.
-4
Batma08
2017-10-17 18:01:11
Айпери дагы алыш керек элего
+1
jergetal
2017-10-17 18:47:38
Калы Сулаймановко да берсе жакшы болмок экен
+1
ALMAAAN
2017-10-17 19:50:47
Акжолго да берсе болмок
+1
Tariel_tt
2017-10-17 21:14:15
Акжолго бериш керек!
+1
radroy
2017-10-17 22:03:37
Калы Сулайманов дагы татыктуу эле
+2
Kroxa
2017-10-18 07:36:22
Эч нерсе жактырбайбыз жакыр олкобуз учун 45мин соонун эле да буга чейин ким кайсы спортчуга мамлекет стипендия толочу эле???
+1
admin_superstan
2017-10-18 10:22:08
ori, кимдир бирөөнүн адамдык аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Karban86
2017-10-18 14:56:18
Кок боручулорго канчадан берет?
0
Paolo
2017-10-19 04:10:03
Конечно стипендия это хорошо бирок чек ара маселесин дагы чечкиле ей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан