Чемпиондор Лигасы, 3-тур: Бүгүн "Реал Мадрид" өз талаасында "Тоттенхэмди" кабыл алса, "Севилья" конокто "Спартак" менен кез келет

Бүгүн, 17-октябрдан 18-октябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 3-турдун оюндары ойнолот. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешет.

Күндүн башкы беттеши катары "Реал Мадрид" - "Тоттенхэм" жана “Спартак” - “Севилья” клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот.

"Е" тайпасында 2 турдун жыйынтыгында "Севилья" командасы 4 упай менен 1-орунда турат. 2-орунда 2 упай менен "Ливерпуль" жана "Спартак" командалары жайгашса, 4-орунда 1 упай менен "Марибор" командасы жайгашууда.

"F" тайпасында 2 турдун жыйынтыгында "Манчестер Сити" командасы 2 беттеште тең жеңишке жетип 6 упай менен 1-орунда келүүдө. 2-3-орунда 3 упайдан топтогон "Шахтёр Донецк" жана "Наполи" командалары орун алууда. Ал эми 4-орунда упайсыз "Фейеноорд" командасы жайгашкан.

"G" тайпасында 2 турдун жыйынтыгында атаандаштарын жеңип алган "Бешикташ" командасы 6 упай менен 1-орунда. 2-орунда 3 упайга ээ болгон "Порту" командасы келе жатат. 3-4-орунда 1 упайдан ээлеген "Монако" жана "РБ Лейпциг" командалары орун алууда.

"H" тайпасында 2 турдун жыйынтыгында 6 упайга ээ "Реал Мадрид" жана "Тоттенхэм" командалары 1-орунду талашып келе жатышат. Ал эми "Боруссия Дортмунд" менен "АПОЭЛ" командалары 0 упай менен 3-4-орунду бөлүшүп келүүдө.

Бардык беттештерге Бишкек убактысы боюнча саат 00:45те старт берилет.

"Е" тайпасы:

"Спартак" (Москва) - "Севилья" (Испания);

"Марибор" (Словения) - "Ливерпуль" (Англия).

"F" тайпасы:

"Манчестер Сити" (Англия) - "Наполи" (Италия);

"Фейеноорд" (Нидерланды) - "Шахтёр Донецк" (Украина).

"G" тайпасы:

"Монако" (Франция) - "Бешикташ" (Түркия);

"Порту" (Португалия) - "РБ Лейпциг" (Германия).

"H" тайпасы:

"Реал Мадрид" (Испания) - "Тоттенхэм" (Англия);

"АПОЭЛ" (Кипр) - "Боруссия Дортмунд" (Германия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Tyty1990
2017-10-17 19:04:38
Реал алга.3_0
+7
monok2001
2017-10-17 20:22:11
Tyty1990,Озуна май
+4
Juva
2017-10-17 19:52:28
победа реал
+5
Rasul94
2017-10-17 20:00:38
рахмат администрация
0
ulik.uma04
2017-10-17 20:01:13
Адаттагыдай реалга ийгилик!канча гол УРСА деле макул.болгону оз уйундо 3 упайды сактап калуу!Ла лигадагы оюндарына да ийгилик каалайм.Алга Реал! Алга Зидан! Алга Роналду,Иско,Асенсио,Бейл!
+4
Rasul94
2017-10-17 20:01:28
биринчи оюн реал Мадрид Тоттенхэм экен ХХХХ
+2
Isco23
2017-10-17 20:16:41
Rasul94,ман сити наполи деп турат эле го точна реалдыкын корсотот бекен
+1
Rasul94
2017-10-17 21:12:39
Isco23,эгер ишенбесен 00 30 дарда уйго кел экообуз коробуз
0
Isco23
2017-10-18 01:01:47
Rasul94,айттым го брат))
0
janjigit
2017-10-17 20:20:07
ХХХХ да лига чемпионов 3-тур деп турат го балким ушул берип калаар
+1
Isco23
2017-10-17 20:25:10
janjigit,оа балким. Мен да ошону умут кылтам ХХХХ дазсам жооп бербей жатат
0
Ulan2601
2017-10-17 20:20:30
Саясат шайлоону унутуп бугун футбол королучу
+1
Rasul94
2017-10-17 21:16:35
Ulan2601,унута албай атам бирок созуно кошулам
+3
Dembele84
2017-10-17 20:34:43
Ман Сити-Наполи коруп жыргайм го,атака Сити в данный момент самый лучший в мире!
-4
janjigit
2017-10-17 21:16:11
Syn4y ошо ХХХХ спорт ман сити наполи деп турат. А ктрк болсо жон эле лига чемпионов 3-тур деп турат. Интернетти чукуп келип анан жазып атабыз да.создун торкунун байкап анан жазсан
+1
FCBMESSI
2017-10-17 21:47:44
Барса алга
-1
taiyr00kg
2017-10-17 21:57:00
Манчестер сити
Барселона "алга
+1
tawbawat
2017-10-17 23:18:27
Севилья алга
-5
omurbekFCB
2017-10-17 23:52:56
реал тотенхем 1:2 болсо керек
0
Isco23
2017-10-18 01:04:37
Олимпиакос 4-1 Барселона эртенки оюнда ушундай болот Каталонскийлер
0
FCBMESSI
2017-10-18 01:43:06
Isco23,эшике чыгып эле кетчи
+1
Isco23
2017-10-18 10:58:45
FCBMESSI,майли майли брат буга деле кайылмын
0
taiyr00kg
2017-10-18 04:05:38
Реал Мадрид 1:1 Тотенхем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан