Чемпиондор Лигасы, 3-тур: "Реал Мадрид" - "Тоттенхэм" беттеши 1:1 тең эсепте жыйынтыкталды (фото)

17-октябрдан 18-октябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 3-турдун оюндары орун алды. Анда 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип упайлар үчүн күч сынашты.

Бул күндүн башкы беттеши катары "Реал Мадрид" - "Тоттенхэм" беттешин атасак болот. Эки команда мыкты оюн көргөзүп 1:1 эсебинде тең чыгышты. Алгачкы мүнөттөрдө "Реал" командасы басым жасаганга аракет кылды. Бирок англиялык клубдун оюнчулары коргонууда мыкты болуп, кез кезде чабуул жасап жатышты. Оюндун 28-мүнөтүндө "Тоттенхэмдин" чабуулчусу Харри Кейн айып аянтчага кирип согончогу менен сокку узаткан, топ Рафаэль Варандын бутуна тийип дарбазага кирген. 1-таймдын аягында "Тоттенхэмдин" коргоочулары өз дарбазасынын жанында Тони Кроосту жыгып, атаандашына пенальти тепкенге мүмкүнчүлүк берди. Пенальтини Криштиану Роналду мыкты аткарып эсепти теңдей алды. Бул жыйынтык менен "H" тайпасында лидер аныкталган жок, 1-орунду "Реал Мадрид" менен "Тоттенхэм" бөлүп келе жатат.

3-турдун жыйынтыгы ("Е", "F", "G" жана "H" тайпаларында)

"Е" тайпасы:

"Спартак" (Москва) - "Севилья" (Испания) 5:1;

Куинси Промес (18 жана 90-мүнөттөрдө), Лоренсо Мельгарехо (58-мүнөттө), Денис Глушаков (67-мүнөттө), Луис Адриано (74-мүнөттө), Симон Кьер (30-мүнөттө).

"Марибор" (Словения) - "Ливерпуль" (Англия) 0-7;

Роберто Фирмино (4, 54-мүнөттөрдө), Филиппе Коутиньо (13-мүнөттө), Мохамед Салах (19, 39-мүнөттөрдө), Окслейд-Чемберлен (86-мүнөттө), Александер-Арнолд (90-мүнөттө).

"F" тайпасы:

"Манчестер Сити" (Англия) - "Наполи" (Италия) 2:1;

Рахим Стерлинг (9-мүнөттө), Габриэл Жезус (13-мүнөттө) - Амаду Диавара (73-мүнөттө, пенальтиден).

"Фейеноорд" (Нидерланды) - "Шахтёр Донецк" (Украина) 1:2;

Стивен Бергейс (7-мүнөттө) - Бернард Анисио (24, 54-мүнөттөрдө)

"G" тайпасы:

"Монако" (Франция) - "Бешикташ" (Түркия) 1-2;

Радамель Фалькао (30-мүнөттө) - Женк Тосун (34, 54-мүнөттөрдө);

"РБ Лейпциг" (Германия) - "Порту" (Португалия) 3:2;

Вилли Орбан (8-мүнөттө), Эмиль Форсберг (37-мүнөттө), Жан-Кевин Огюстен (40-мүнөттө) - Венсан Абубакар (18-мүнөттө), Иван Маркано (40-мүнөттө).

"H" тайпасы:

"Реал Мадрид" (Испания) - "Тоттенхэм" (Англия) 1-1;

Криштиану Роналду (43-мүнөттө, пенальтиден) - Харри Кейн (28-мүнөттө).

"АПОЭЛ" (Кипр) - "Боруссия Дортмунд" (Германия) 1-1;

Микаэль Поте (64-мүнөттө) - Сократис Папастатопулос (67-мүнөттө).

Реал Тоттенхэм 1:1 (18.10.2017)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rasul94
2017-10-18 09:56:52
ото сонун оюндар болду.озгочо Спартак Севилья
+1
Brilant-zhylan
2017-10-18 11:31:27
Реал жакшы ойун корсото албады мындан кийинки ойундарына ийгилик каалайм, а Барса всегда лучшее
+4
FCBMESSI
2017-10-18 12:53:31
Мансити жакшы ойноду 1 таймда
+2
FCBMESSI
2017-10-18 12:53:51
Алга Барса Алга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан