ИИМ: "Бишкекте чет элдик жаран ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды"

Бишкекте алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Пакистандын 4 жараны аларды алдап кеткен мекендешине чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылышкан. Алардын айтуусуна караганда А.Т. аттуу Пакистандын жараны аларга Канада өлкөсүнө барып иштөө үчүн виза алып берүүгө убада берип, алардын жалпы 70 миң долларын алып изин суутуп кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин натыйжасында Пакистандын 1994-жылы туулган жараны кармалган.

Ошондой эле аталган маалыматта учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы, шектүү мурда да алдамчылыкка шектелип кармалганы айтылат.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nibiru.
2017-10-18 15:52:05
Кармалса соттоп туруп, жазасын отогондон кийин оз жеоине депортациялагыла. Мурда да алдамчылык менен кармалган болсо, дагы кармалса, анан кое берип жиберип, кийин дагы кармайбыз деп журбой.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан