Бишкекте катуу шамалдан улам көп кабаттуу үйдүн чатыры бузулуп, шаардын борбордук бөлүгүндө электр энергия үзгүлтүккө учурады

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатыры жогорку вольттогу “Пенько-Джутовая” көмөкчордонунун күч трансформаторуна кулап, анын кесепетинен шаардын борбордук бөлүгүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

“Түндүк электр” ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, шамал бүгүн, 18-октябрда таңкы саат 05:40та болгон. Трансформатордун иштөөсү токтоп, натыйжада Чүй проспектиси, Москва, Ибраимов, Сүйүмбаев, Гоголь көчөлөрүндө электр энергия кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учурады. Ал эми саат 06:10до аталган көчөлөрдөгү тургундарга электр энергиясы башка булактардан кошулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
janat.kg
2017-10-18 10:22:27
Аябай каттуу шамал болду кордунорбу. Же баарынар уктап жатынарбы
0
dina
2017-10-18 11:42:13
janat.kg,баарын ойготту))
0
Elnura08
2017-10-18 10:41:43
Мен кордум,катуу шамал башталганда ойгондум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан