Бүгүн, 18-октябрда Хорватиянын Загреб шаарында 18-22-октябрь аралыгында өтө турган дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 3 Кыргыз спортчу татамиге чыгып алдынкы орундарды ээлегенге аракет жасашат.
Бүгүн аталган мелдеште 55 жана 60 килограммга чейинки салмак ченинде медалдар ойнотулат. Анда Кыргыз өлкөсүнүн атынан жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси Кубанычбек Айбек уулу жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиону Баяман Сагынбай уулу татамиге чыгып медалдар үчүн күч сынашат.
Кыргыз спортчуларынын атаандаштары:
55 килограммга чейинки салмак ченинде:
Кубанычбек Айбек уулу - Маттиа Мартеллони (Италия);
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
Баяман Сагынбай уулу - Магжан Шамшидин (Казакстан),
Асман Акылбек уулу - Жафар Фироузабади (Иран).