Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка жана Ак-Босого айылдарында 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү онго жакын өрт кырсыгы катталган. Маалыматтарга караганда, белгисиз адам айрым тургундардын унааларын жана үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган. Анын ичинен бир үй жана бир унаа толугу менен күйүп кеткен.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге 18-октябрда кабарлашкандай, жарандардын мүлкүн өрттөөгө шектүү адамдын өздүгүн тактоо жана кармоо максатында ыкчам изилдөө аракеттери улантылып жатат.
"Ички иштер органдары тарабынан шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо аракети жүрүп жатат. Кылмышка шектүү психикалык оорулуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.