Роналдунун 4-баласын күтүп жаткан Родригес сезимдери тууралуу көпчүлүк менен бөлүштү

Кош бойлуу Жоржина Родригес Криштиану Роналдуну жана анын балдарын сүйөрүн көпчүлүккө билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

2016-жылдан тартып испаниялык бийчи, модель Жоржина Родригес менен футболчу Роналду кыз-жигит мамилесинде деген маалыматтар тарай баштаган. Учурда Родригес Роналдунун 4-баласын күтүп жатат.

Буга чейин 2010-жылы футболчунун тун уулу төрөлүп, анын энеси эч кимге жарыяланган эмес. Роналду жалпыга маалымдоо каражаттарына уулун карын эне төрөдү деп билдирген. Ушул жылдын июнь айында Роналду эгиз балалуу болуп, бул жолу да балдарды карын эне төрөгөнүн айткан.

Учурда ал сүйгөн кызы Жоржина жана 3 баласы менен чогуу жашап, түгөйлөр балдары менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн интернетке жүктөп турат.

Өзүнүн акыркы бөлүшкөн сүрөтүндө Жоржина: "Ашыкча сөз жазбайм. Силерди сүйөм", - деп билдирүү калтырган. Модель мурунку берген интервьюларында ал үчүн үй-бүлө баарынан маанилүү экенин айткан.

"Мен балдарды, жаныбарларды жана жаратылышты жакшы көрөм. Алдыга умтулууга жардам берген адамдар мени курчап туруусун каалайм", - деген ал.

Сулуунун дал ушул сапаттары Роналдуну арбап алгандай. Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, түгөйлөр 2018-жылдын жай айларында үйлөнүүнү пландашууда.

Буга чейин Криштиану 7 балалуу болууну каалагандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Mbappe
2017-10-18 12:33:21
ХХХХ деген ХХХХ тангалып атса керек уйлонот десе
-5
ZHYRGAl1412
2017-10-18 13:12:57
Шейк 10эсе сулуу болчу роригестен
-9
Isco23
2017-10-18 13:13:16
Карагылачы Жоржинаны пай пай пай пай
+9
admin_superstan
2017-10-18 14:21:44
almanbetperm, barakcha, aiba-889290, талкуудан алыстабаңыздар. Эскертүү!
-3
Makkambaev97
2017-10-18 14:23:35
Бизге да насип этсин 7бала
+4
Rasul94
2017-10-18 15:20:13
Рон азаматсын иштей бер.буйруса бир командага жеткир
+3
Beks.Kasymov
2017-10-18 16:15:33
Мессинин аялыга жетпейтта барибир
-4
Rasul94
2017-10-18 18:54:51
Beks.Kasymov,сени ким экообун салыштыр деп атат.пейилди ондочу
+2
Platon96
2017-10-18 19:02:05
О теке теке
0
Aitun
2017-10-18 22:52:36
Ар энеден бала торото берет экенда тобо. Балдарынын омурун берсин
0
Nurizaumar
2017-10-19 00:13:44
Родригестин буту кантет 41же42 го размери
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан