Бишкек шаарында катталган катуу шамалдан 6 дарак кулап, троллейбустун зымдары үзүлдү

Бишкек шаарында катталган катуу шамалдан 6 дарак кулап, троллейбустун зымдары үзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык мэриянын Жашылдандыруу ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрь күнү таңга маал катталган катуу шамалдан улам 6 дарак кулап, бир нече бутак сынып түшкөн. Дарактын кулашынан улам Абдрахманов көчөсүндө троллейбустун зымы үзүлгөн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 21-24 метрге чейин жеткен.

"Катуу шамалдан сынган дарактарды тазалоодо 40 жумушчу, 6 атайын техника иш жүргүзүп жатат. Кырсыктан жабыркагандар жок. Ушул сааттарга чейин 3 дарактын кулашы боюнча 2 кайрылуу түштү. Троллейбустун зымы калыбына келтирилди", - деп билдирди мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
brilliantka2016
2017-10-18 10:58:46
Кудай сактасын.каттуу болду.уйду учуруп кетеби дедим эле.
+1
Ulan2601
2017-10-18 11:14:01
brilliantka2016,Фантазияда иштейт экен))
-2
TazaKyrgyz
2017-10-18 21:27:21
Ulan2601,тууганым жер уйдо жашасан билмексин катуу шамал эмне экенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан