Бүгүн Топ-Лиганын 19-турунун алкагында "Алай" - "Дордой" беттеши орун алат

Бүгүн, 18-октябрда өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 19-турунун алкагында "Алай" - "Дордой" беттеши орун алат.

Футбол лигасы кабарлагандай, Топ-Лига-2017 алкагында "Дордой" командасы "Алай" командасы менен болгон беттештерде бир да жолу жеңиштин даамын тата элек. Тактап айтканда, Ошто орун алган 1-беттеште эки команда 1:1 эсепте тең чыкса, Бишкекте өткөн 2 беттеште тең 2:1 эсеби менен "Алай" жеңишке жеткен. "Дордой" командасы учурда өлкө биринчилигинде 2-орун үчүн күч сынашып келе жатса, "Алай" чемпиондукту мурда эле багынтып койгон.

Оюн саат 14:30да башталат.

"Алай" - "Дордой"

Ош шаары, А.Сүйүнбаев атындагы стадион;

Калыс - Дмитрий Машенцев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AzatAmir
2017-10-18 11:39:34
Молодец Нурсултан!!!!
-1
FCBMESSI
2017-10-18 12:50:38
Алай женишке жетсе керек
+1
Dembele84
2017-10-18 14:44:49
Алай куда кааласа быйыл чемпион!урааа. ..
0
Nurik.1100
2017-10-18 16:45:00
Алай 1-3 Дордой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан