Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун кезектеги соттук отуруму орун алды. Отурумдун жүрүшүндө анын 31 томдон турган кылмыш ишине соттук иликтөө жүрдү.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Каракчылык", "Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу", "Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү", "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин 2012-жылы 22-августта козгогон. Тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. 2017-жылдын 14-мартында бул кылмыш ишинин материалдары ИИМден УКМКга өткөрүлгөн.
Бүгүн жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу отурум эртең, 19-октябрда түштөн кийин улантыла турган болду.