Футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 19-турунда чемпиондукту камсыздаган "Алай" командасы "Дордой" менен беттешип сезондогу 4-ирет жеңилүү ызасын тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Футбол лигасы кабарлады.
Ош шаарынын Сүйүнбаев атындагы стадионунда орун алган беттеш 3:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Өлкө биринчилигинде 2-орунга күч сынашып келе жаткан "Дордой" командасы беттешти чабуул менен баштады. Коноктордун гол киргизгенге жасаган аракеттери 15-мүнөттө акталды. Анда Бекжан Сагынбаев эсепти 1:0 кылса, 2-мүнөт өтпөй Павел Сидоренко эсепти 2:0 кылганга үлгүрдү. Муну менен эки команда тыныгууга кетишти.
2-таймдын 54-мүнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу гол киргизип, эсепти 3:0 кылды. "Алай" командасы 65-мүнөттө Алиа Силланын голу менен гана жооп бере алды.
Бул жыйынтык менен Топ-Лиганын аягына 1 тур калганда "Дордой" командасы 32 упай топтоп 3-орунда келүүдө. 2-орунда 35 упай менен Абдыш-Ата жайгашкан.
Кийинки 20-турда, "Дордой" өз талаасында "Кара-Балтаны" кабыл алат, ал эми "Абдыш-Ата" конокто "Алга" менен беттешет.