Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин соттук ишин кароо башка күнгө жылдырылды

Бүгүн, 19-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган депутат Канат Исаевдин соттук ишин кароону 23-октябрга жылдырды. Буга сот отурумуна чакырылган күбөлөрдүн келбей калышы себеп болду.

Сот отуруму аяктагандан кийин Исаев сотко келген уулу менен учурашууга аракет кылып, бирок конвойлор ага уруксат бербей коюшту.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Ошондой эле Башкы прокуратура ушул жылдын 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан