Чүй облусунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду атып кетишти

Чүй облусунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду атып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 18-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Аламүдүн районунун Маевка айылына жакын жерде болгон. Анда белгисиз адамдар Биримдик айылынын 1981-жылы туулган (эркек киши) тургунун атып, качып кетишкен.

"Ок жабырлануучунун ичине тийген. Ал ооруканага жеткирилген. Тергөөчүлөр барганда ал мас абалда болгон. Учурда кылмышка шектүүлөр изделүүдө" , - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isco23
2017-10-19 10:48:06
Жанакы уй мн машиналарды орттогон киши болушу мумкун
-2
Kuba-savai87
2017-10-19 10:54:21
Маевкада эмне эле болуп атат
-1
almanbetperm
2017-10-19 11:46:11
2010-жылыда ошол жактан башталган беле адашпасам
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан