ӨКМ: "Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батир күйүп кетти"

Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батир күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкектеги батирдин күйүп жатканы боюнча билдирүү саат 10:20лар чамасында түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 11:20 чамасында тилсиз жоону чектөөгө алып, 12:05те толук өчүрүшкөн. Тутанган жалындан жабыр тарткандар жок", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, өрт 7-кабаттагы батирлердин биринен чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан