Психикалык жактан ооруган адамга айдоочулук күбөлүк берген мекемеге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүп, мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Айдоочулук курам жана унаа каражаттарын каттоо департаментинин Чүй-Кемин бөлүмүндө психикалык жактан ооруган С.К. аттуу тургунга 2017-жылдын 17-июнунда "В" тобундагы айдоочулук күбөлүк берилгенин аныктаган.
"Айдоочулук күбөлүк аталган тургунга айдоочулук окууну бүткөндүгү тууралуу күбөлүктүн жана жеке оорукананын маалым катынын негизинде берилген. Күбөлүк алган адам 2005-жылдан бери психикалык жактан ооругандыгы боюнча каттоодо турган. Бул факты боюнча материалдар чогултулуп, прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.