Райкан Төлөгөновдун сотунда 31 томдук кылмыш ишинин талаштуу жерлерине соттук иликтөөлөр жүрдү

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучуга тагылган айыптоолор жазылган 31 томдон турган кылмыш ишин иликтөө жүрдү. Буга чейин прокурор аталган кылмыш ишиндеги өзүнө керектүү жерлерин белгилеп, аталган бөлүктөрү иликтенип чыккан. Бүгүн жактоочунун өтүнүчү менен алар талаштуу делген бөлүктөрүнө иликтөө жүргүзүштү. Мындан соң жумуш убактысы бүткөнүнө байланыштуу отурум 25-октябрда улана турганы маалым болду.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Каракчылык", "Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу", "Кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү", "Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин 2012-жылы 22-августта козгогон. Тергөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. 2017-жылдын 14-мартында бул кылмыш ишинин материалдары ИИМден УКМКга өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан