Бишкекте “Кыргызстан менен Япониянын кызматташтык көпүрөсү” аттуу фестиваль өттү

Бүгүн, 29-майда Бишкекте “Кыргызстан менен Япониянын кызматташтык көпүрөсү” аттуу фестиваль өттү. Анда спорттун айкидо түрү менен машыккан 25 спортчу өз өнөрлөрүн көрсөткөнүн КРнын Айкидо федерациясы билдирди. Анын ичинен Улан Султаналиев, Александр Хабидулин өңдүү спортчулар айкидонун 10го жакын ыкмасын, бычак жана курал-жарак менен салгылашуу көнүгүүлөрүн көрсөтүштү. Айта кетсек, фестиваль Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунда орун алды. Иш-чаранын алкагында концерттик кече, япон тасмаларын көрүү, балдардын оюн-зооктору жана башкалар уюштурулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан