Бир жыл мурун: "Акыркы сөзүм - мен акмын!...". Шерзаттын өлүмүнө айыпталган айылдашы 6 жылга шарттуу эркинен ажыратылды

Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда, 2016-жылдын 24-октябрь күнү Сузак районунун Сымкат айылында 2002-жылы туулган Шерзат Алимбековдун өз үйүнүн короосунда асынып алганы коомчулукка белгилүү болгон. Маркумдун атасынын иниси Эркин Алимбековдун айтымында, окуя 2016-жылдын 23-октябрь күнү түштөн кийин болгон. Ошондой эле ал тууганынын өлүмүнө айылдашы Кубанычбек Токтосунов себепкер экенин билдирген.

"15-октябрь түнү Кубанычбек Токтосунов Шерзатты айылдын четиндеги алма бакта “10 миң сом уурдаганыңды моюнуңа аласың” деп сабаган. "Бакка асып коём" дегенинен корккон Шерзат кылбаган ишти моюнуна алган", - деп айткан SUPER.KG порталына.

Маркумдун өлөр алдында жазып калтырып кеткен каты көпчүлүктү ыйлаткан. Катта Орусияда иштеп жүргөн апасын сагынганын жана эч кандай уурулук кылбаганын жазган.

"АКЫРКЫ СӨЗҮМ - МЕН АКМЫН!"

Мен Бакыт акенин 10 миң сомун алган эмесмин. Анын баласы түнкү саат 2де алма бакта сабаганынан өлтүрүп коёбу деп моюнума алгам. Мылтыгынын мага эмне кереги бар? Аны кантип көтөрүп жүрмөк элем? 3900 сом менин акчам болчу. Анын 2000 сомун туалет казып алгам. Калганын чогултуп жүргөм. Ата, сиз мени ууру деп ойлобоңуз. Ал жерде мен акмын. Ак экенимди далилдеп берем. Мен азыр апамды эле күтүп жүрөм. 2-3 күндөн кийин келсе аны бир көрсөм эле болду. Өзүмдүн жана сиздин акчаңызды да төлөтүп берем. Акыркы сөзүм - мен акмын!

Маркумдун атасы баласын бакка алып барып сабагандыгы боюнча Кубанычбек Токтосуновдун үстүнөн арыз жазган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Анын жыйынтыгында, маркумдун денесинде каза болгонго чейин алган жаракаттары бар экендиги аныкталган. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча да кылмыш иши козголгон.

Андан сырткары милиция кызматкерлеринин иши боюнча да кызматтык иликтөө жүргөн.

"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында окуяны убагында көзөмөлгө алып, тиешелүү ыкчам иштерди жүргүзбөгөнү үчүн Сымкат айылындагы милициянын аймактык пунктунун жетекчиси жана аймактык тескөөчү кызмат ордунан бошотулган. Ал эми иш Сузак РИИБи тарабынан тергелип, Сузак райондук сотуна өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.

Ишти Сузак райондук соту карап, 2017-жылдын 10-мартындагы өкүмү менен Кубанычбек Токтосуновду күнөөлүү деп тапкан.

Өкүмгө ылайык, Кубанычбек Токтосунов Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) жана 102-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен күнөөлүү деп табылган. Ал 234-берене боюнча 5 жылга, 102-берене менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошуу жолу менен 6 жыл эркиндиктен ажыратуу жазасы белгиленген. Кубанычбек Токтосуновго белгиленген жаза 63-беренени колдонуу менен шарттуу деп эсептелинип, ага 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Белгиленген сынак мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасабаса жана сот ага жүктөгөн милдеттерди аткарса, өкүм аткарылбасын делинген. Соттолуучу Жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугусуз жашаган жерин алмаштырбоо, иштеген же окуган жери өзгөрүлгөндүгү жөнүндө Жазык-аткаруу инспекциясына маалымдоо, жазык-аткаруу инспекциясынан катталуу үчүн мезгил-мезгили менен келип туруу, аларга маалымдабай туруп туруктуу жашаган жеринен кетпөө милдеттендирилген. Ошондой эле бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн жашаган жеринен башка жакка кетпөө кол катында калтырылган.

"Өкүмгө нааразы тараптар он күн мөөнөт ичинде Жалал-Абад облустук сотуна Сузак райондук соту аркылуу даттанууга укуктуу. Бирок өкүм апелляциялык же кассациялык тартипте даттанылган эмес жана мыйзамдуу күчүнө кирди", - деп билдиришти Жалал-Абад облустук сотунан.

10 миӊ сом үчүн асынып өлгөн баланын акыркы видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Tansuluu09
2017-10-24 16:11:42
Байкуш бала ((....
+3
Krai
2017-10-24 16:15:19
Ана чыгы кыргыз ыймандуу бала экен жер устундогу ыплас нерселерге чыдай албай кете берди жап жаш бойдон Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
+11
Begimay.emir1
2017-10-24 16:55:21
Бул жерде баланын ата-энеси куноолу... Баласынын уурдалганы далилденгенден кийин намысына тийип коюшкан (ур тепкиге алып)
-12
Patriot7
2017-10-25 01:06:20
Begimay.emir1, уурдаганы далилденген эмес... Калпты да чени менен айтып жур... Ошол кабар чыккан убакта ар кайсы маалымат булактарынан бул окуя боюнча маалымат жыйнап, баланы ак жеринен ууру тутушканы, бала тиги зоокур тарабынан сабалганы, акыры оз жанын кыйганы маалым болгон...

Сен менимче ошол погончон зоокурлордун тууганы окшойсун бир болсо.....
+3
Ma9
2017-10-24 17:15:54
байкуш бала жаткан жери жайлуу болсун
+5
ajdaaar
2017-10-24 18:17:58
Бул кандай болду, башында 9 жылга камалао деп, кийин 59-берене менен 6 жылга азайтса, 63-берене менен ал 2 жылга условный болуп калса, ушул да сотпу?!! Дагы бир берене таап условный 2 жылды да жоюп салгыла, ушунча болду?!! Кайдагы акыйкаттык, кайдагы чындык?!! Кеминде 6-7 жылга эч кандай амтистия, ж.б.женилдиктер каралбастан толук окум чыгарсанар болбойбу эч болбогондо?!!
+13
ALMAAAN
2017-10-24 20:44:04
6жыл аз 10 15 жыл камаш керек
+5
Begimay.emir1
2017-10-24 23:54:06
ALMAAAN,эмне учун 10 15 жыл бериш керек? Законду билесинби?
-3
vangolu
2017-10-24 20:46:31
беренелерден бар айланат ко
+3
Sanjar96kgz
2017-10-24 21:16:55
ХХХХ силердин беренеңер менен,түкүрдүм мыйзамыңарга!!!!!!
+5
nelli
2017-10-24 23:28:51
Ииий байкушум ай(((( видеону коруп буулугуп козумо жаш алдым... Олсун ошол акча...чырактай жанып, жер бетинде аман журсон болбойт беле(((( Балким сенден чыгааан инсан чыкмак...атттин ай аттин. Чырактай баланы олумго жеткиргендерге мин нааалат((( Кайдан да коро койдум видеону...журогум кысылып чыкты...
+2
Patriot7
2017-10-25 01:14:06
Ошол баланы ак жеринен сабап, ууру туткан зоокур Кубанычбек Токтосуновдун атасы адашпасам бывший полковникпи, айтор отставкадагы офицер экен, Сузактын РИИБде авторитети бар... Ошол учун да мыйзамын уруп ойнобойт экен... Бул окуя коомчулукка тарап резонанс болгондо гана чындыкты издеп башташкан, болбосо маркумду куноолуу кылып ишти жаап коюшкан экен... Эми тиги зоокурго башында 9 жыл берип, анан ар берене менен жазамын женилдетип отуруп 2 жыл условный болуп калганы кандай?!!
+2
Patriot7
2017-10-25 01:16:42
Бул да болсо адилеттиктин, чындыктын жоктугу... Тиги отставкадагы офицер уулун турмодон сактап калып жатат, соттогу досторунун жардамы менен... Адилеттуулук болсо, ошол куноокор кеминде 8-10 жылга турмого кесилмек... Бизде чындык жок, мыйзам карапайым элге иштейт, байларга, "чондорго" келгенде иштебейт......
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан