Чаткалда 2 жаштагы кыз дарыяга түшүп кетип каза болду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2 жаштагы кыз дарыяга түшүп кетип каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 21-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Айгыр-Жал айылынын тургуну, 2015-жылы туулган Айзирек Абдыбакирова Чаткал дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга түшүп, агып кеткен.

22-октябрда саат 08:55те 15 куткаруучу, туугандарынан 12 адам, райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер издөө жумуштарын жүргүзүшкөн. Саат 09:55те кыздын жансыз денеси табылып, туугандарына берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dastanke2014
2017-10-23 10:17:45
Аллахым Кутулбой келген кырсыктан сакта. Куноосуз наристенин бараар жери бейиш болсун. Ата- энесине Сабыр тилеп, кайгысын тен болушом.
+2
Alibay
2017-10-23 11:44:09
Чаткал дарыясынын жанынан чон адам отуп бара жатып кандай жаман болосун.2 жашар баланы ошол жерге ойноткон чон адамдарга наалат...
+1
afina66
2017-10-23 12:19:51
Жаш наристенин бейишин берсин.ата енесине сабыр бере кор Аллах
0
Kalemger
2017-10-23 16:08:21
Байкуш наристе периште болуп учуп кетиптир да... Ата-энесине Жараткан сабыр берсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан