Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Израиль мамлекетинин 60 жаштагы жараны каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Израиль мамлекетинин 60 жаштагы Дани Нахум аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Маалым болгондой, Дани Нахум 21-октябрь күнү саат 16:30 чамасында Түп-Кеген унаа жолунун 68-чакырымында Хонда-CRV үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада Израиль жараны ошол жерден каза болуп калган. Ал эми анын жанында 53 жаштагы кыргыз аял болгон. Ал аял алган жаракатынан улам Түп районундагы ооруканага жаткырылды.

Дани Нахум Чүй облусунда убактылуу жашап, Бишкекте туристтик агенттик ачып, иштетип келген. Айрым маалыматтарга караганда, ал кыргыз аялга үйлөнүп, Кыргыз мамлекетинде 17 жылдан бери жашап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alibay
2017-10-23 11:59:15
Жезде турбайбы,жаткан жери жайлуу болсун.Туристтердин олуму башка келчу туристтерди чочутат,эми.
0
Nazaroff1974
2017-10-23 12:08:40
Бир жоот каза таап,биринин буту сынып,эми дагы жоот каза таап...Касиеттуу Кыргыз жерим ылгайт окшонуп калды го..
+1
jbolotov
2017-10-23 12:13:50
ХХХХ Кыргыз жери жактырбай аткандайго. Кыргыз келинди ала коюп турфирма ача койгон экен.
+1
Kroxa
2017-10-23 21:21:21
Жезде экен..да..бейишин берсин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан