Канат Исаевдин иши каралып жаткан отурумда күбө анын көрсөтмөсү өзгөртүлгөнүн айтты

Бүгүн, 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин соттук иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө күбөлөрдүн бири Салман Алиев өзүнүн көрсөтмөсү сурак алгандар тарабынан туура эмес жазылганын билдирди.

Ал сотто көрсөтмө берип жатып "мен Токмок шаарынын вице-мэри болуп иштеп турганда баасы 2 миллион сомдон ашык турган тендер өткөн. Мага мэр схемасын чийдирүүнү дайындаган, мен кесипкөй адамдарды таап чийдиргем. Ал эми канчалык деңгээлде баасы туура жазылганын билбейм, бирок кесипкөй адамдар чийип долбоордун баасын алар аныктаган", - деди күбө.
Ага прокурор "сиз өзүңүздүн көрсөтмөңүздө "мэр аталган долбоордун проектин даярдабай туруп чийилген схемасы менен эле тендер өткөрүп жиберди, ал атайылап долбоордун баасын кымбаттаткан" деп көрсөтмө бериптирсиз", - деди.
Ал эми күбө Салман Алиев ал көрсөтмөдөгү кол тамга өзүнүкү экенин айтып акыркы жолу УКМКнын кызматкери сурак алганда окубай туруп эле кол койгонун, бирок мындай көрсөтмө бербегендигин белгиледи.
Ага байланыштуу өзүнүн сөзүн бурмалашкан деп эсептей турганын айтты.
Ал эми жактоочулар мамлекеттик айыптоочуга соттун уруксаты жок эле күбөнүн көрсөтмөсүн окуду деп айыпташып, натыйжада прокурорлор менен жактоочулардын ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Ошондой эле Башкы прокуратура ушул жылдын 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2017-10-23 10:37:36
Какем да бийлик менен тамаша жаман экенин билип туруп сайылды да. Олор теке койчунун таягына суйкунот болуп.
0
Makain
2017-10-23 11:17:47
Туштон кийин актанба
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан