Бишкекте кайнатасын "бөтөлкө менен башка чаап, сыныгын далысына сайып салган" деген келин кайын журтунан кечирим сурады

Бишкекте Алия аттуу келин кайнатасын бөтөлкө менен башка чаап, сыныгын далысына сайгылап салууга шектелип кармалып, бирок кайнатасы арыз берүүдөн баш тарткандыктан ал үйүнө чыгарылган. Бүгүн, 23-октябрда келин кайнатасына жасаган мамилеси үчүн кайын журтунан кечирим сураганын SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты. "Келин кайын журтунан кечирим сурап, бири-бирин кечиришти. Ал эми факты боюнча милиция тарабынан юридикалык баа бериле элек", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Эскерте кетсек, 12-октябрь күнү кечинде Кызыл-Аскер аймагындагы үйлөрдүн биринде кайнатасы менен келини уруша кетип, келини кайнатасын бөтөлкө менен чаап, сыныгын далысына сайгылап жибергени тууралуу милицияга маалымат түшүп, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Ошол учурда келин ыкчам топтун кызматкерлерине: "Кайнатам бөлмөгө кирип келип зордуктоого аракет кылды. Каршылык көрсөтсөм ур-токмокко алгандыктан ушундай ишке бардым", - деп билдирген.

Бирок Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы: "Келин берген көрсөтмөсүндө айткандай, ал кайнатасына акча берип жалаяк алып келүүгө жиберген экен. Бирок кайнатасы ал акчага спирт ичимдигин ичип алгандыктан ачууланып, бөтөлкө менен аны башка чаап жиберген. Кайнатасы ооруканада. Ал эми келининин үстүнөн арыз берүүдөн баш тарткандыктан ал бошотулду", - деп кабарлашкан.

Кайнатасын бөтөлкө менен чаап, сыныгы менен сайгылаган келин бошотулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Alibay
2017-10-23 11:48:15
Окшошкондор...
0
kechirmeni
2017-10-23 11:51:17
экоондо тен бар экен
+2
evra_kg
2017-10-23 11:51:28
Дагы жакшы кайны журту жакшы экен болбосо келини уят
+11
Nazaroff1974
2017-10-23 12:03:48
Маладес келин.Эми ушунча болду кайненени да чачтан бурай кармап.....
-7
kechirmeni
2017-10-23 12:12:12
Nazaroff1974,табаа эмес тообо кылалы
+7
meni_kut
2017-10-23 14:36:01
Nazaroff1974)))))))))
0
raikakyz
2017-10-23 12:50:17
Зордуктоого аракет кылса керек да.Мындайлар коп эл ичинде.Ошон учун ботолко менен ургандыр,жалаяк алып келбей койгондугу учун мынчалыка бармак эмес.Ошон учун да кайын журту кечиришти деп ойлойм.
+18
Nanei
2017-10-23 13:18:07
raikakyz,туура. Кантип эле жон эле сайып салсын. МАС экен квйнатасы ошондо. Тийишкендир да жалжандап.анан да кыргыз дар шыр эле аял кишини жвмандап,табалап жатып калабыз
+6
bokonbaev
2017-10-23 14:22:59
Nanei,кайын журту өзбек улутундагылар экен.куйөөсү Дилшод.кайнагасынын айтышы боюнча күйөөсү Дилшод Сизодо отурганда Алия мас болуп алып кайнагасына чалыптыр Дилшод сизодо мени менен төшөккө жат деп озүнү предлагать этиптирмиш.
+1
karakulja
2017-10-23 13:27:05
Эмне качан олтургондо анан камайсыынарбы? Алдына алуу керек.
-1
Azatbek83
2017-10-23 15:29:44
Кандай заман болуп кетти!!!Жокчулуктун айынан ушул иштер болуп жатат Аз эле калкы бар кантип онугуп иш менен камсыз болоалбайбыз бийлик тамагынарды тыйып кетип эле калгылачы!!!
+3
aerforce
2017-10-23 17:40:55
[moderated] экен
0
raykray
2017-10-23 19:50:33
Азыр кайнжурт жалаяк алып келбедин деп урган кескен келинди кечирмек эмес сразу каматып атанесинен бери асылмак, баласы мн бактылуу жашап атканды жашайберсин дебей ажыратамго дейтко анан кантип кечирмек, зордуктайм дегени чын ичкиликтин кесепети кишин тусудонле билинип турат, ыйман намыс сабыр тилейм баарыбызга
+2
Nibiru.
2017-10-23 20:25:25
Кудай озун сактай гор. Эми булар эч нерсе болбогонсуп, кайра чогуу жашай беришеби? Баласы шал..... окшойт? Болбосо тимеле хандын кызы Айпери болсо да, алтын-брилиант жалатылган болсо да, ХХХХ кубалап чыкпайбы уйдон.
+3
Ayida
2017-10-23 20:40:59
Кыз деле саксайып чачы турат желкесинен экен жоолугу жок кыйын окшойт кайнжуртун сыйлап салыныш керек эле
0
Nurkyz1977
2017-10-24 08:19:49
Ayida, саксайып жоолук салыныш керек дейсин да,жоолукту коюуп узунурак кофта кийип киндикти жапсын десен. Ыйман деген азайып бара жатат келин келиндей болуш керек.
0
Ayida
2017-10-23 20:41:24
Ичкен адамды сыйлабайтда
+1
bakulya2015
2017-10-23 22:26:01
Эмне учун спирт ичимдигине тыю салышпайт жогору жактан тыю салса соонун болмок.
+1
Almazbek-1987
2017-10-24 09:10:00
Келин ди психиаторго алып барып текшерткиле !!!
0
kydyrova_71
2017-10-24 12:06:10
Ой кудайа тообо!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан