Бишкектин Асанбай кичи районундагы өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 23-октябрда SUPER.KG'ге Мамлекеттик экотехинспекциясынын Бишкек шаары боюнча өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Болот Туячиев кабарлады. Анын билдиришинче, учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
"Жалпы 2 миң чарчы метр жерди ээлеген 7 кафе күйгөн. Бул боюнча экспертиза дайындалып, учурда себебин аныктоо иштери жүрүп жатат. Экспертизанын корутундусуна ылайык, күнөөлүү тарапка чара көрүлөт. Ал эми факты боюнча кылмыш иши козголду", - деди Туячиев.
Туячиев алдын ала алынган маалыматтар боюнча өрт "Ганбей" деген кафеден чыкканы болжолдонуп жатканын кошумчалады. "Ганбей" кафесинен чыкканы айтылып жатат. Бирок бул дагы так эмес", - деди ал.
Эскерте кетсек, 22-октябрь күнү түшкө жуук аталган кичи райондогу 5 кафеден өрт чыкканы кабарланып, өрт саат 17:50лөр чамасында толук өчүрүлгөн.
ӨКМ бул боюнча, "өрттүн жалпы аянты болжол менен 3100 чарчы метр, анын ичинен: 1800 чарчы метр машыгуучу залдын чатыры, 1000 чарчы метр “Корчма”, “Марио”, “Бухара”, “Асанбай”, “Ганбей”, “Барк Лайс”, “Кайзер” ресторан-кафелеринин чатырлары, "Delta fitnes" клубунун 100 даана машыгуучу тренажерлору жана жалпы имараттын кире беришинде жайгашкан 300 чарчы метр жыгач устундуу жайкы эс алуучу жайдын чатыры толугу менен күйгөн", - деп билдирди.