Жабырлануучу: "Тойдон кийин үйүбүз толук өрттөнүп ичинде жаңы келген келиндин себи, тойдон түшкөн 300 миң сом күйүп кетти"

Ош облусуна караштуу Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Ак-Жай айылында жашаган Абдрамановдордун турак үйү 19-октябрдан 20-октябрга караган түнү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына үй ээси Тойчубек Абдрамановдун кызы Сюита Абдраманова билдирди. Кырсыктан улам үй-бүлөнүн 3 мүчөсү күйүк жаракаттарды алышкан.

"20-октябрга караган түнү үйдөн өрт чыгып баары күйүп кетти. Инимдин денесинин айрым жерлери күйүп, келиним менен сиңдим түтүнгө ууланып калышыптыр. Келиним өрттөн катуу чочуп калган экен, бүгүн бир аз өзүнө келип жакшы болуп калды. Учурда биздин үй-бүлө Ошто мен турган батирде жашап жатабыз. Бирок бир үй-бүлө бирөөнүн батирине батып жашашы кыйын экен, анын үстүнө ини-сиңдилерим да окуулары калып жатат, мамлекет тарабынан кандайдыр бир жардам болсо жакшы болмок", - дейт ал.

Мындан тышкары үй-бүлөнүн мүлкү толугу менен күйүп, тойдон түшкөн акча каражаттарын да сактап жетишпей калышкан.

"Үйдүн жанында времянка бар ошонун ичинде бир аз буюм-тайым, тамак-аш бар эле ошол гана калды. Анын да өрт учурунда терезелери сынып калыптыр ал жакка жашаганга мүмкүнчүлүк жок. Биздин үй-бүлөдө жалпы 8 адам бар, менден кичүү сиңдим 1-топтогу майып. Өрт болордон 2 күн мурун келин алганбыз, конокторду да узатып бүтө элек болчубуз. Өрт учурунда үй ичиндеги бардык дүнүйөбүз, анын ичинде документтерибиз, жаңы келген келиндин себи, тойго түшкөн 300 миң сом акча да үйдө сакталуу болчу. Баары күйүп кетти", - дейт Сюита Абдраманова.

Бул окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук бөлүмүнө кайрылганыбызда, аталган факт катталганын, өрттүн себеби учурда иликтенип жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Shaa-82
2017-10-23 16:10:39
Эх байкуштар бир заматта эч нерсе калбаптырда. Сабыр берсин Аллах, колунда бар айылдаштары жардам берип турушса сооп болот эле. Бала бакча же эски тамдар жок бекен айылда ээн калган ошого жашап турушса окумотубуз жардам берээр, же айылдаштары деле бирткеден чогултуп уй (эч болбосо времянка) тургузушуп берсе болмок.
+13
Beks.Kasymov
2017-10-23 16:19:44
Shaa-82,ооба туура айтасын айылдаштар жардам берсе болот,окмоттон жардам кутпой еле койунуздар
+9
tttalant
2017-10-23 16:13:30
Кудай сактасын мындайдан
+9
aslan_akjol89
2017-10-23 16:44:58
Сабыр кылгыла туугандар,эн башкысы тируу калгандыгынар да.Страховка кылган болсо жардам болот созсуз.
+9
kyrgyzstan00
2017-10-23 17:05:48
Антип адам башына кайгылуу нерсе болуп турганда жаман коментарий жазбагылачы.Бул деген ХХХХ дегенге такыр туура келбейт.
+1
admin_superstan
2017-10-23 17:13:55
Makain, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Makain
2017-10-24 01:35:51
admin_superstan,макул шеф
0
Kuba-savai87
2017-10-23 18:55:31
Страховка кылып койгонунарда миллион берилмек башынар аман кудайга шугур баары жакшы болот
0
alaychievazuura
2017-10-23 19:51:09
сабырлуу болгула
0
alaychievazuura
2017-10-23 19:55:22
фара...
0
Nazaroff1974
2017-10-23 22:38:10
Атамбай чынында жакшы эле айткан,угуш керек эле.50 сомду аябай страховка алып койгула деп туура айткан экен.Кудай сактасын сактыкка кордук жок дейт го.А берки жабыр тарткан туугандарга кудайдын жакшылыгы тийсин.
+6
portugalia
2017-10-23 23:15:22
Жаратканым сабыр берсин!Суук тушоордо мынтип уй жайсыз калып жаман болуптур.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан