2017-жылдын 23-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:50дө Орусия Федерациясынын Саратов облусунда Р-236 "Энгельс-Ершов-Озинки" трассасынын 103-чакырымында Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМдан жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
"Жол кырсыктын кесепетинен 5 жүргүнчү (Кыргыз Республикасынын жарандары 2 аял, 3 эркек) жабыркап, Фёдоров райондук ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле жабыркагандардын арасынын бири медициналык жардам алуудан баш тарткан. Айдоочу жабыркаган эмес. Жабыркагандардын аты-жөнү такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.