29-майда Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо “Легенда Кубогу-2013” мелдеши өтүп, анда жеңиш үчүн “Алай” жана “Абдыш-Ата” командалары ат салышты. Айта кетсек, оюндарга белгилүү франциялык футболчу Кристиан Карамбё күбө болду. Беттештин 1-оюну тең болуп чыгып, 2-оюнда “Абдыш-Ата” командасынын оюнчусу Хуршид Лутфуллаев атаандаш тараптын дарбазасына 2 гол киргизип, оюнду 2:0 эсебинде жыйынтыктады. Ошентип, “Легенда Кубогу” “Абдыш-Ата” командасына буюрду. Эске салсак, аталган кубок 2012-жылы “Алай” командасына ыйгарылган болчу.
Ал эми Кристиан Карамбё тууралуу айтсак, ал буга чейин “Реал Мадрид” командасында ойноп, бир канча чемпиондуктарда “Эң мыкты оюнчу” аталган. Азыркы тапта футболдогу ойноону токтотуп, УЕФАнын расмий элчиси кызматын аркалайт.