Нарында "36 жаштагы киши 11 жаштагы өгөй кызын зордуктоого аракет кылган" деген шек менен кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда "жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган" деген факты боюнча эки учур катталды. ИИМдин маалымат кызматынан 23-октябрда SUPER.KG'ге билдиришкендей, аталган эки факты райондун эки башка айылдарында катталган. Маалыматка таянсак, райондук милицияга айылдардын биринин тургуну кайрылып, 11 жаштагы кызды 36 жаштагы өгөй атасы зордуктоого аракет кылганын билдирген. Арыздын негизинде 36 жаштагы адам кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми экинчи факты боюнча маалым болгондой, айылдардын биринин тургуну арыз жазып, 8 жаштагы кызды 58 жаштагы киши зордуктоого аракет кылганын кабарлаган. Шектүү адам кармалып соттун чечими менен үйүнө чыгарылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mikra
2017-10-23 19:23:30
Тообо.Кудай сактасын эмне эле болуп баратат ата соройлор
+4
Almazbek81
2017-10-23 19:42:46
Тооба кылдым
+2
sanzhar83
2017-10-23 20:16:05
Бул педафилдерге сот тарабынан катуу жаза колдонбосо болбой баратат.Мурун мындай окуялар шаарларда эле катталса азыр айыл жергесинде кобойуп баратат.Кудайым озу сактасын!
+8
Dembele84
2017-10-23 20:42:55
Азыр кобунчосу урушуп кетсе эле,каматыштын же акча ондуруштун эн оной жолун таап алышты.Минтейин деди антейин деди деп.Мындайларды тыкыр териштируу жургузуш керек.Жонокой бейкуноо адам камалбасын учун
+10
JaneEr
2017-10-24 00:37:34
Бабановдун программасында ушундай педофилдерди атууга окум кылам деген.Эми азыркы бийлик катуу чара колдонбой аткан учун мындай факт ото коп катталып эн койгойлуу проблемага айланып калды.Жанылыктарда окуп тан калбай калдыкго.
0
sereznaya
2017-10-24 02:05:56
Ушу педофилдер кобойуп кеттиби же мурда уккан эмес экенмин.
Кыздарды оттоооо байкаш керек да
+1
admin_superstan
2017-10-24 09:48:26
Bek_abad, провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
orhideya_15
2017-10-24 10:21:56
жаныбарлар дагы кичинекей балдарды зордуктабайт. Кичинекей күчүктү иттер, топокту бука же козуну кой зордуктады дегенди уккан эмесмин. Адам деген атка татыктуу эмес эки буттуу айбандарга өлүм жазасын бериш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан