Монголиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Хангай тоо тутумунда кар көчкүдөн улам 10 альпинист каза болуп, жетөөсү дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учурда издөө иштерине 100 куткаруучу, 2 тик учак жана башка техникалар тартылып, издөө иштерин Монголиянын вице-премьер-министри Улзийсайхан Энхтувшин көзөмөлдөөдө.
Ошондой эле маалыматта кар көчкү жүргөн Отгон-Тэнгэр тоосу деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашканы, жергиликтүү тургундар тарабынан ыйык тоо болуп эсептелине турганы айтылат.