Дарыгер: "Бишкектеги курулушта болгон кырсыктан жабыркап ооруканада жаткан эки адамдын абалы жакшы болуп калды"

Кечээ, 23-октябрда Бишкек шаарынын А.Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан имараттагы кырсыктан жабыркап ооруканада жаткан эки адамдын абалы жакшы болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан билдиришти.

"Бизге баш аягы курулуштагы кырсыктан жабыркап 12 адам кайрылган. 10 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, жаракаттары жеңил болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес. Ооруканага эки адам жаткырылып, бири травматология бөлүмүнө, экинчисинин абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүн жандандыруу бөлүмүндөгү адамдын абалы жакшы болуп калыптыр аны башка бөлүмгө которолу деп жатабыз", - деп билдиришти аталган борбордон.

Эскерте кетсек, аталган кырсык 23-октябрда саат 14:10 чамасында орун алган. Курулуш көзөмөл башкармалыгынын адиси Шараф Ачылдиев билдиргендей, компаниянын техникалык коопсуздукту сактай турган көзөмөл жүргүзүүчү адистери окуяга жоопкерчилик аларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан