Бишкекте бүгүн, 24-октябрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканадагы Сауд Арабиянын маданият жана изилдөө борборунда сауд арабиялык сүрөтчү айым Сауда Бальхадардын сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Ага Сауд Арабия падышалыгынын Кыргыздагы элчиси Абдурахман Бен Саид Аль Жума, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору Алмаз Ибраев жана шаар тургундары, студенттер катышты. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн Сауд Арабиядагы тарыхый имараттарды, жаратылышты жана жергиликтүү элдин турмушун чагылдырган эмгектери коюлду.
Сүрөтчү Сауда Бальхадар Кыргыз мамлекетине биринчи ирет келип жатканын айтып, Кыргыз жеринин кооздугун, адамдардын дайыма жылмайып жүргөнүн жактырганын билдирди.
"Бул жерге коюлган эмгектерим менен Сауд Арабиянын көркөм сүрөт өнөрү, араб элинин маданияты менен тааныштыргым келет. Эртең жана бүрсүгүнү көргөзмөгө келген кичинекей балдарга сүрөт тартуу боюнча мастер-класс өтөм", - деди ал.
Белгилей кетсек, көргөзмө 26-октябрга чейин уланат.