Жогорку Сот "коркутуу жолу менен пара талап кылган" деп айыпталып жаткан Ош шаардык сотунун сотун толук актады. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын билдирүүсүнө караганда, аталган токтом Жогорку Сот тарабынан 3-октябрда кабыл алынган.
"Айыпталып жаткан К.Ш. карата козголгон кылмыш ишинин курамында кылмыш жок болгондуктан Жогорку Сот акталсын деген Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Мамлекеттик айыптоочулардын кылмышты далилдеген түздөн-түз фактысы болгон эмес. К.Ш. "коркутуу жолу менен пара алды" деп кармалып иш бөлмөсүндөгү сейфтен атайын белги коюлган 10 миң сом табылган. Бирок акчага коюлган белги анын колуна билинер-билинбес эле жуккан. Ал учурушкан учурда жугуусу мүмкүн. Ошондой эле сот анын иш бөлмөсүн караган учурда УКМКнын кызматкерлери биринчи таппай чыгышып, сыртка чыгып киришкен соң гана акча табылганын эске алды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.