Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери, аймактык тескөөчүлөр Т.Э., Т.Э. жана М.С.нын үстүнөн кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча иш козголгон.
"Башкы прокуратурага арыз келип түшкөн. Анда Н.Э. аттуу адам аймактык тескөөчүлөр тарабынан кыйноого алынгандыгын жазган. Тактап айтканда, Н.Э.нин үстүнөн К.Э. аттуу аял милицияга 7-сентябрда арыз жазган. Аймактык тескөөчүлөр арыздын негизинде Н.Э.ни кармап, Аламүдүн ОИИБине караштуу Таш-Дөбө айылдык бөлүмүнө алып барышып, сабашкан. Арыз ээсинин айтымында аны милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармап кетишкен. Себеби К.Э. аттуу аял жабырлануучунун үстүнөн 8-сентябрда арыз жазган. Ал эми аймактык тескөөчүлөр аны 1 күн эрте кармап барышып ур-токмокко алышкан", - деп жазылат маалыматта.
Аталган кылмыш иши боюнча соттук медициналык-экспертиза дайындалып, арыз берүүчүнүн денесинде ургандан калган тактар аныкталган. Ошондой эле мурдунун сөөгү сынып, ден соолугуна олуттуу жаракаттар келтирилген. Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзүү УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.