Орусиянын Саратов облусунда авто кырсыкка кабылган Кыргыз жарандарынын аты-жөнү такталды

23-октябрда Орусиянын Саратов облусунда авто кырсыкка кабылган Кыргыз жарандары тууралуу маалыматтар алынды. Аларга медициналык корутундулар чыгарылып, кимдер экендиги аныкталды. Мындай маалыматты Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин айтымында, жабыр тарткандар Федотов райондук ооруканасында дарыланууда.

Кырсыктан жабыркаган Кыргыз жарандар:

- К.Төрөбаев, 22.04.1987-жылы туулган, ден соолугу канааттандырарлык, акыреги бир нече бөлүккө сынып кеткенине байланыштуу операциялык жол менен дарылоо талап кылынат.

- М.Жаныбекова, 01.05.1994-жылы туулган, абалы орто;

- А.Обидова,15.05.1990-жылы туулган, абалы орто;

- А.Айдарова., 18.09.1983-жылы туулган, абалы орто, акыреги сынып кеткенине байланыштуу операциялык жол менен дарылоо талап кылынат.

- А.Кудайбердиева, 01.11.1987-жылы туулган, абалы орто;

Жабыр тарткандарга жардам берүү максатында Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги жабырлануучулардын бири К.Төрөбаев менен сүйлөшкөн. Телефондук сүйлөшүүдө ал аялы М.Жаныбекова жана А.Обидова менен бирге 24-октябрда Москва шаарына жөнөп кетүүсүн пландап жатканын билдирген.

Учурда Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Эске салсак, 2017-жылдын 23-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:50дө Орусия Федерациясынын Саратов облусунда Р-236 "Энгельс-Ершов-Озинки" трассасынын 103-чакырымында Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Катталган кырсыктан 5 Кыргыз жараны жаракат алгандыгы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2017-10-25 01:48:33
Кирди чыкты кылганы кетип бара жатып кордук эле. Баклажан тустогу степвагон болчу. Аман болгула кыргызым!!!
+1
Bek_abad
2017-10-25 01:59:01
Ээ мумуя деп жургондор олукту чукуй бербей ушундай тириктерге жардам бергилечии!!!!
+2
admin_superstan
2017-10-25 12:05:14
beka1207, коомдук этиканы сактаңыз. 2 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан