Москвада Кыргыз жараны таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып каза болду. Пресс анын башын жана колун үзүп кеткен

Орусиянын Москва шаарында 28 жаштагы Куштарбек Галбаев аттуу Кыргыз жараны "Экопресс" ишканасында таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып калып каза болду. Кырсык 23-октябрь күнү саат 15:30 чамаларында болгон.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянсак, анда иштеп жаткан башка жумушчулар кырсык кандай болгонун көрбөй калышкан. Пресс бир топ эле кубаттуу. Ал бир учурда эле 500 килограмм чийки затты иштетип чыга алат. Кырсык учурунда ачуу кыйкырыкты угуп калып барышкан учурда Галбаевдин пресске кысылып калганын көрүшүп, аппаратты токтотуп, чыгарууга аракет кылышкан. Бирок аракеттен майнап чыккан эмес. Анын жансыз денесин саат 20:00дө чыгарышканда башы жана колу үзүлүп кеткенин көрүшкөн. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Галбаев кагазды түргөн зымга илинип калып, пресске кептелип калган болушу мүмкүн.

Куштарбек Галбаев аталган жайда 2017-жылдын жай айларынан бери иштеп келгени айтылды. "Эмгек инспекциясы ишкананын документтери менен таанышууда. Окуя тарткылык, кырсык катары бааланышы мүмкүн", - деп жазат орусиялык маалымат каражаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
Ayida
2017-10-24 21:50:21
Аллахым БЕЙИШКЕ чыгууну насип кылсын! Бийликти куноолойбуз.Озубуздо айып оной акча таба тургансып кетебиз Россияга.Жерлер калды эгин эгилбей. Илгери эгин эгип мал карап тоодо малдын санын кобойтуп эле жашап келген элек Кыргыз. Бугун бир бирибизди коруп кеттик таалага.Жогоруда бироо айткандай башкалар иштеп атат мазза кылып Кыргызстанда.Эгин эгип кетмен кармагыбыз келбей калган ачуу чындык бул!Мурдакы раса семичка эгип жургондор Россиядан келип эшиктин алдын тазалап койгонго зеригип ак кол болуп
+2
Patriot7
2017-10-25 00:51:23
Ayida, сен бийликтин камчы чабаары окшойсун?!!

Айылда кетмен чапканын менен, мээнетин кайтпаса бекер да... Сурачы дыйкандардан, мээнети кайтып жатыптырбы?!! ЕАЭБке кошулганыбызга 2 жыл толду, дыйкандардын эгини, жашылча-жемиши тышка чыкпайт жарытып... Пахтанын баасы канча, фасолдун баасы канча, сурап корчу?!! Мал базарга барып мал-койдун баасын сурап корчу?!! Ит бекер!!! Ким жакшы "ырдаганга" берип жатышат...
+1
Patriot7
2017-10-25 00:51:57

Жаштар биртке жарыбаган пайда учун кетмен чаап журо берсе, алар качан уйлонуп, кайсы акчасына там салат, айтчы?!!! Убакыт кутуп турат бекен?!! Билесин, замандын оордугунан коп жаштар озу калынга, тойго акча топтоп калышкан. Калын орточо 100 мин сом. Тойго кеминде 200 мин сом кетет... Эгин эгип, мал карап жарытып киреше таппаса, карып кетпейби уйлоно албай журуп?!! Кыргызстандагы маяна менен канча жылда там салса болоорун бир эсептеп кор...
+2
Ayida
2017-10-24 21:52:35
Ак кол болуп калышкан.Келиндер кайнене же куйоосу мн уруша кетсе кийимин алып кетип калып атпайбы Россияга чыдап жашагандын ордуна
+3
Ayida
2017-10-24 21:54:05
Балдарын таштап кетти керек болсо биздин келин.Таш боор экен балдарга кееде гана чалат. Уй жыйнап тамак жасагандан башка иш жок эле.Алдым жуттум болуп тойбой атабыз адамдар.1 комнат уй алсам эле болду деп барабыз зангыратып уйду салсакда жетпей атат деп талаада журобу ансайын ач коз болуп
+3
Boroborodach
2017-10-24 22:03:22
Ayida,беш кол тен эмес. Турдуу жагдай менен россияда журобуз. Миллиондогон мигрант уй жыйнап тамак жасагандан качып кетти дейсинби? Мигранттардын акчасына кыргызстанда отуруш, черный касса, туулган кун дегендер кобойду. Бирин туурап кийингендер кобойду. Уй жасагандар кобойду. А мигранттар ошо двор шыпырып, охранник болуп, идиш жууп эле журушот. Катуу кетсем кечиресинер
+8
Ayida
2017-10-24 21:56:27
Айылда мурункудай корк жок барсан суз. Аны силер деле сезсенер керек.Жайлоого барсан улуу адамдар жаштар жок.Илгери жаштар коп эле туну раса ойнойт элек. Азыр кайдан корку жок жайлоонун.
+5
Ayida
2017-10-24 22:01:55
Талаада жургондор келгиле Кыргызстанга. Ал жакта эч ким корбойт Орустун чатагы жок болгон учун бизге окшоп сразу соз кылышпаганы учун журосунор кеенири кыздарыбыз бузулуп балдарыбыз арак ичип Турк Озбек ар ким мн журуп.Баары эмес бирок. Ал жактагы акчаны бул жакта деле таап атышат
+1
Tortkul2017
2017-10-24 22:29:02
Ayida,туура айтасынар мен да баса бергем убагында кантип жашайм дегем, россияда жакшы айлык болгону менен рассходун көп, ал эми айылда алган айлыктын берекесин берсин деп жүрөм, балдарым жанымда, сууга акча, квартирага акча, прописка узарт, садике мынча айта берсе толтура, ушундай проблема жок нервим да тынч Аллаага шүгүр!
+1
Tortkul2017
2017-10-24 22:30:49
Tortkul2017,Мекендешибиздин жакындарына сабыр берсин Аллаа, билип билбей кылган күнөөлөрү болсо кечирсин!
+1
Patriot7
2017-10-25 00:45:46
Ayida, Кыргызстанда иш болсо барып иштейби?!! Резюмесин которуп алышып ар эшикти такылдатышып журот жаштар... Резюме таштап коюп 2-3 айлап кутот. Анан чакырган жерине барса айлыгы биртке, жумушу тоодой... Айла жок иштешет, болбосо Россияга кетет... Мигранттар Кыргызстанга келсин дейсин, бир миллион мигрант Кыргызстанга кайтса, кайсы жумушту таап бересин, айтчы?!!!!!!

+5
Ayida
2017-10-24 22:08:34
Ошол учун ырым жырымды азайтыш керек болсо жок кылыш керек.Тажияда мал сойуу кырктык бейшембилик жылдык ресторанда той арак мн ж.б
+5
mentol
2017-10-24 22:09:37
Ушул жерден байлыкты,
Берет дешкен Москва.
Ата-Энесин көмгөнү,
Барбай калган Москва.
Абийир кетип адамдан,
Калбай калган Москва.
Соо адамдар жалаңкыч,
Алдай калган Москва.

Юрист жүрөт дворник,
Болуп кеткен Москва.
Тирүү келип канчасы,
Өлүп кеткен Москва.
Ажырашкыс досторду,
Бөлүп кеткен Москва.
Көргүлүктү кыргызың,
Көрүп бүткөн Москва.

Мына ушундай Москва,
Мына ушундай Москва,
Куса толгон көздөрдө,
Көөдөн жакыр Москва.
Кө
+8
barky312
2017-10-24 22:16:19
Ээ Алла ушундай кырсыктардан озун сактай кор. Журок зыркырайт себеби жардам коргозгом ушундай окуяга туш болуп ал Кыргызстанда эле болгон бирок ал жерде адам омуру кыйылган эмес. Кудай ата энеси бир туугандарына сабыр берсин
0
KIRA.
2017-10-24 22:38:30
жаны жаннаттан болсун,мандайына жазылган да бечара,жакындарына сабыр,КРда айлык жетиштуу болсо,жумуш болсо кетмек эмес эч ким,айла жок
+1
SaIixa
2017-10-25 00:48:59
Аябай окунучтуу.Барган жери бейиш болсун! Оомин!
0
sarter-9301
2017-10-25 01:34:01
Бизде дипломсуз эч бир жерге албайт. А тугул диплому бары деле россияда журот. Акчасы бардын заманы Кыргызстанда. Мен да барып келгем арканга асынып алып бийик домдордун терезесин жууп, 3этаждан тушуп бутум сынып ошондо келе бергем,желкемдин чукуру корсун деп.
+1
Bek_abad
2017-10-25 01:55:37
Жайы жаннаттан болсун. Аллахым бейишинен орун берсин мусаапыр адам шейит болот деп койот шейит болгон болсун..
Ананда чет жердегилер азыраак кафелейли клубтарды азайтыш керек. Кудай сактасын таза туура жолдо журойлу.
+1
alaychievazuura
2017-10-25 04:32:14
чет жерде бай болгончо.
оз жеринде кул болгонун жакшы.
алыскынынын буудайын жегенче.
жакынкы жердин саманын топтогон жакшы.
0
kanysh
2017-10-25 07:46:19
Кырсык каш кабактын ортосунда. Жайы жаннаттан болсун
0
E.TARZAN
2017-10-25 09:22:57
Жакшы жигит эле досум! Жаның жаннаттан болсун досум! Аяш ата- аяш энеме сабыр берсин Аллахым! Жакшы адамдар бул дүйнөдөн эрте кетет тура(((.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан